Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Жалабад мамлекеттик университетинде белгилүү ырчы Рыспай Абдыкадыровду эскерүү болду


ЖАЛАЛАБАД. Университеттеги Абдыкадыров атындагы клуб уюшулган эскерүү каадасына 1994-жылдын 12-сентябрында көз жумган Ырысбай Абдыкадыровдун арбагына багышталып, куран окулду. Обончунун кыргыз музыкасына кошкон салымы, чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү белгиленип, анын белгисиз ырларын калкка жеткирүү, чыгармачылыгын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка сунуштоо демилгеси көтөрүлдү.

Клубдун маалыматы боюнча Ырысбай Абдыкадыров жараткан 360 обондун 126сы гана элге белгилүү. Облуста, кошуна Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринде жана Америкада элүүдөн ашык мүчөсү бар бул клубда обончунун ырлары боюнча сүрөт галереясы ачылган. Кошмо Штаттардын жараны Вини Пааш англис тилинде симфония жараткан.

XS
SM
MD
LG