Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

Озон катмарын сактоо боюнча китеп көргөзмөсү ачылды


БИШКЕК. 16-сентябрда озон катмарын сактоонун эл аралык күнү белгиленет. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын чечимине ылайык негизделген бул күнгө карата Кыргызстанда китеп көргөзмөсү уюшулду. Буга мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана менен экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин тутумундагы озон борбору демилгечи болушту. Министрликтин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, көргөзмөгө озонду бузуучу каражаттарды пайдаланууну токтотуу боюнча программа, атайын адабияттар, мындан тышкары озонду өздөштүрүү багытында Россиянын, Кыргызстандын окумуштууларынын табылгалары коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG