Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Түркмөнстандагы эң бийик чокуга Сапармурат Ниязовдун ысымы берилди


Түркмөн парламенти өлкөнүн чыгышындагы Койтендаг тоо кыркасындагы 3 миң 137 метр келген тоого "Улуу Түркмөнбашынын чокусу" деген ат берди. "Нейтралдуу Түркмөнстандын" жума күнү жазышынча, парламенттин чечими Сапармурад Ниязовдун "нагыз рухий жол башчы" экендигин ырастады.

Ала арада Түркмөнбашынын экинчи китеби жарык көрдү. Бүгүн Ашхабадда бетачаар аземи өткөн Сапармурад Ниязовдун "Рухнама" китебинин экинчи томунда үй-бүлө баалуулуктары жана ата-мекенге болгон сүйүү маселелери талданат. "Рухнама" мектеп программасына киргизилген.

XS
SM
MD
LG