Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Ирандын жана Тажикстандын лидерлери Дүйшөмбүдө жолугушту


Ирандын президенти Мохаммад Хаттами жана конок ээси Эмомали Рахмонов бүгүн бир нече келишимге жетишишти. Алардын арасында Вакш дайрасындагы Саңтуда гидро-электр бекетин курууну аягына чыгара турган компания түзүү жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндөгү макулдашуулар бар.

Эки тарап ошондой эле Тажикстанды Иран менен Түндүк Ооганстан аркылуу бириктирүүчү кара жол курууну талкуулайт деп кабарланган. Хаттами Дүйшөмбү калаасына кечээ келди, мекенине эртең кайтып кетет.

XS
SM
MD
LG