Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

Кошмо Штаттарында 11-сентябрдын курмандыктарын эскеришти


Мындан үч жыл мурда Нью-Йоркто жана Вашингтондо террористтер учакты жардырганда 3 миңге чукул киши ажал тапкан. Нью-Йоркто курмандыктардын урук-туугандары алардын ар биринин ысымдарын бирден атап чыгышты. Вашингтондо эскерүү аземине катышкан президент Буш терроризмге каршы күрөштү улантууга сөз берди:

- Kошмо Штаттары дайым даярдыкта туруп, террористтерди машыгып же уктап жаткан жеринен болсо да таап, карөзгөйлөрдүн катыгын берет.

Ал эми анын президенттик шайлоодогу атаандашы, Демпартиянын талапкери Жонн Керри Бостон шаарында сүйлөп, америкалыктарды бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарууга чакырды:

-Биз 11-сентябрдын курмандыктары жана алардын урук-туугандары үчүн бир Америка болобуз. Биз ата-мекенибизди коргоп, террористтер кол сала электе, алардын өздөрүн таап, жок кылууга бардык күчүбүздү жумшайбыз.

Керри 2001-жылдын 11-сентябры америкалыктар үчүн эң каргашалуу күн болгонун, ошол эле убакта дал ушул күн ар бир америкалыктын нагыз адамгерчилик сапаттарын далилдеди деп кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG