Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Орусиялык депутат терроризмге каршы эл аралык жаңы мыйзам кабыл алууну сунуш этти


Мамлекеттик Думанын коопсуздук комитетинин төрагасы Владимир Василиевдин айтымында, мындай мыйзам Орусияга дүйнөнүн кайсы жеринде болсо да, каалаган убакта сокку урууга мүмкүндүк бермек.

Василев бүгүн Израилде өтүп жаткан эл аралык терроризм конференциясында чыгып сүйлөдү.

Кечээ Орусиянын президенти Путин Беслан трагедиясына байланыштуу Түндүк Осетиянын ички иштер министрин жана Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын аймактык директорун кызматтан алган эле.

Бесландагы мектепти барымтачылардан бошотуу операциясында кеминде 330 киши ажал тапты, курмандыктардын жарымы жаш балдар болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG