Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Багдадда айыгышкан салгылаш жүрүп жатат


Ирактын баш калаасынын борбордук көчөлөрүндө бүгүн эртең менен башталган атышууда кеминде 19 киши окко учту, алардын бири Дубайдагы "ал-Арабия" телеканалынын теги палестин кабарчысы.

Ал эми Багдаддын батышындагы чоң жолдо машина жарылганда аз эле дегенде үч киши күм-жам болду. Экинчи бомба "Абу-Грейб" түрмөсүнүн дарбазасынын алдында жарылып, үч киши жараат алды. Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти "ал-Каида" менен алакасы бар деп шектелген радикал топ өзүнө алды.

Ошондой эле Багдаддан түштүктөгү Рамади шаарында америкалык аскерлер абадан чабуул коюп, кеминде 10 киши курман болду. Жергиликтүү дарыгерлер жараат алгандар көп экендигин билдиришүүдө.

Бүгүн Байжи шаарында өткөн түнү барымтага алынган Түркиянын, Ирактын жана араб өлкөлөрүнүн жети атуулу бошотулганын Ирактын полициясы кабарлады.

XS
SM
MD
LG