Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдө «Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык парламенттик жана президенттик шайлоо маалында шайлоочулардын баш бармагына белги коюла турган болду. Бирок, Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев мыйзамга президент каршы кол (вето) койоору мүмкүн экендигин билдирди.

Мыйзам долбоорун даярдаган депутат, "Атамекен" социалисттик партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү боюнча, мыйзам бир адамдын кайра-кайра добуш берүүсүнө чек коюу максаты менен даярдалды жана аны шайлоочулар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү талап кылышты. Ал эми затты колдонуу ыкмасы тууралуу:

- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, шайлоо маалында, өзгөчө шаарларда бир топ ар кайсы участкаларга кайра-кайра кирип, бир нече жолу добуш берген фактылар көп кездешет. Мындай терс көрүнүшкө чек коюунун натыйжалуу бир гана жолу бар. Ал көзгө көрүнбөгөн затты баш бармакка чачып коюу. Затты шайлоочу добуш берердин алдында анын колуна шайлоо комиссиясынын бир мүчөсү чачат. Ал жөнөкөй көзгө көрүнбөйт, бирок 3-4 күнгө чейин колдо кала берет. Эгер зат мурда чачылган болсо атайын нур менен караган учурда жалтырап көрүнөт жана аны ошол жердегилердин баары көрсө болот , - деп Ө. Текебаев түшүндүрмө берди.

Депутат эгер бул мыйзам 2005-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирсе, анда ал парламенттик жана президенттик шайлоонун адилет жана калыс өтөөрүнө жол ачаарын белгилөө менен бирге, мыйзамды кабыл алдырбоого алдыртан бут тосуулар болуп жаткандыгын кабарлады. Анын айтымында, буга мыйзам каралаарынан кабары жок Баткен облусунун Кадамжай районундагы бир катар ишкана өкүлдөрүнүн мыйзамды кабыл алууга каршы экендиктерин билдирген телеграммалары күбө. Алар телеграммаларында эгер белги коюу жөнүндөгү өзгөртүү Шайлоо Кодексине киргизилсе, адам укуктары бузулаарын эскертишкен.

Палатанын айрым депутаттары да белги коюу ыкмасы шайлоочулардын укугун басмырлайт, белги койгон зат кол алышканда башкалардын колуна жугат, аны сүртүп жоготчу башка затты тапчулар да жок эмес жана белги коюуга зарыл каражат жок дешип каршы болушту. Алардын бири Турдакун Усубалиев "мындай өзгөртүү киргизүүгө шыкакчы болуп, белги коюучу затты сатып алууга зарыл 300 миң долларды беребиз дегендерге сатылабызбы?" деп намыстанды:

- Мен бул мыйзам долбооруна каршымын. Бөйрөктөн шыйрак чыгарбасак. Биз бардык эле маселелер боюнча Американы туурай бербесек. Америкада демократия эң сонун деп айтууга бизде эч кандай негиз жок. Ушуну эске алалычы! Мына биз баарыбыз билебиз, Грузияда шайлоо болду. Грузиянын парламентинде эли шайлаган президент Шеварднадзени депутаттары жакадан алып сүйрөп чыкпадыбы… Ушу да демократиябы? Грузияда парламентин жана андан кийин президенти Саакашвилини шайлаганда ушундай бармак басып добуш берүү ыкмасы колдонулган деп айтып жатышат. Бизге ушул керекпи? Менимче, анын бизге кереги жок. Эгерде Америка грузиндик Саакашвилини даярдагандай кыргызстандык Саакашвилини даярдап жатса, анда ошого кошо жетелениш керекпи? - деп, депутаттарды мыйзамды кабыл албоого чакырды.

Ал эми палата төрагасынын орун басары Кубат Байболов добуш берүүдөгү мыйзам бузууларды жок кылалы деген аракетке адам укугун бузат деген шылтоо менен каршы болуу күлкү келтирээрин баса белгилеп, мыйзамды колдоого чакырды:

- Автобуска элди толтуруп алып, участкаларды кыдыртып, экиден гана эмес ондон жолу добуш берген фактылар биздин тажрыйбада азбы? Же биз аларды билбейбизби? Демек, ошондой фактылар болуп, шайлоо көз көрүнөө бурмаланып жатканда биздин элдин укугу бурмаланбайт экен дагы, «жок, андай болбосун, Конституцияда көрсөтүлгөндөй бир киши бир гана жолу добуш берүүгө ээ болсун» дегенде укук бузулуп калат экен да, ээ? Айланайындар, элдин күлкүсүн келтирбегиле да!

Бир күндүк талкуудан кийин добуш бере келгенде палатадагы 51 депутаттын 36сы колдоп, мыйзам кабыл алынды. Бирок, президенттин палатадагы өкүлү Мурат Укушев президент мыйзамга каршы кол коюшу мүмкүн экендигин дароо эскертти. Ага белги коюуга кетчү каражат бюджетте каралбагандыгы башкы себеп экендигин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Конституциянын талабы боюнча бул маселе өкмөт менен макулдашуу керек болчу. Өкмөт менен эч ким макулдашкан эмес. Ошон үчүн мыйзамга кол коюлбайт. Өкмөттүн макулдугу болбогондон кийин бул мыйзамга кол коюшка президенттин акысы жок. Депутаттардын дагы мыйзамды талкуулоого укугу жок. Дагы эле президентти кыжаалат абалга калтырып жатышат.
XS
SM
MD
LG