Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Жергиликтүү кеңештерге депутаттыка талапкерлер аз катталууда


КАРАКОЛ. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жоомарт Барктабасовдун билдирүүсүнө караганда, 13-сентябрга карата 517 талапкер катталды. Алардын 97 талапкери аялдар, 27си саясий партиялардан сунушталды. Облус боюнча райондук, шаардык жана айылдык, поселкалык Кеңештерге 918 талапкер депутаттык мандат алууга тийиш. Бирок талапкерлердин саясий активдүүлүгү анча жакшы эмес. Анын себебин жергиликтүү калк күрөөгө коюулуучу 1000 сом менен байланыштырып, мындай акча берүү талапкерлер үчүн кыйын болуп жатканын айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG