Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Бруцеллезго чалдыккан адамдар быйыл өткөн жылдагыдан көп


ТАЛАС. Облустук санэпидстанциянын башкы врачы Токтогул Базарбаевден 13-сентябрь күнү алынган маалыматка караганда, өткөн жылдын 8 айында өрөөндө 112 адам бул илдетке чалдыккан. Быйыл оорулуулардын саны дээрлик эки эсеге өстү жана алардын саны 206 адамга жетти. Маселе облустук мамлекеттик бийликтин тутумундагы өзгөчө жагдайлар комиссиясында эки ирет талкууланган, бирок ал да жакшы натыйжа бербей жатат. Облустун башкы санитардык врачынын аныктоосунда адамдардын бул ооруга чалдыгуусуна ылаңдаган кой, эчкилерди капыс дарылабай, же союп жок кылбай жаткандыгы башкы себеп болууда. Биринчи жолу акысыз дарылангандар экинчи, үчүнчү ирет дарыланууга маани бербей жатышы да оорулардын санынын азайышына кедерин тийгизүүдө.

XS
SM
MD
LG