Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Москва конференциясына Кыргызстандан вице-премьер катышууда


БИШКЕК. Бүгүн Москвада «КМШ өлкөлөрүндөгү социалдык-экономикалык өткөөл» деп аталган эки күндүк эл аралык конференция ишин баштады. Ага Кыргызстандан вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев, чет өлкөлүк инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин катчылыгынын башчысы Рафхат Хасанов катышып жатат. Конференцияда Россия, Азербайжан, Армения, Украина, Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Беларусь, Молдова мамлекеттеринин өткөөл мезгилдеги экономикалык жетишкендиктери, келечеги, инвестициялык маанай, каржы, салык, менчиктештирүү өңдүү маселелер талкууланмакчы. Эл аралык конференцияга өткөөл мезгилдеги экономика институту, АКШнын Эл аралык өнүгүү (ЮСАИД) агенттиги жана Россиянын эл чарба академиясы колдоо көрсөтүп жатат. Бул тууралуу чет өлкөлүк инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин катчылыгынан кабарлашты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG