Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:10

Бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү зарылбы?


БИШКЕК. Кыргызстандагы радиотелеберүүлөр калктын 60% үчүн маалымат алуучу жалгыз булак катары саналат. Өлкөдө жарык көргөн 80 чамалаш маалымат каражатынын 10% гана калктын толук катмарына жетет. Интернет мүмкүнчүлүгүнөн облустук борборлор гана пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ушул жана башка өксүктөрдү толтуруу үчүн бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүгө мезгил жетти. Мындай пикирин «Кабар» улуттук агенттигинин башчысы Кубан Табалдиев аймактык журналисттердин бүгүн башталган семинарында билдирди. «Аймактык маалымат каражаттарын өнүктүрүү: маалымат алуу мүмкүнчүлүгү, ресурстар жана келечек» деп аталган бул семинарга облустардан, райондордон 40 чамалаш журналист катышууда. Семинарды президенттин маалымат кызматы, «Кабар» агенттиги Эберт жана Кыргызстан-Сорос фонддорунун колдоосу менен уюштурду. Семинар ишин шаршембиде жыйынтыктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG