Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

Алданган аманатчылардын маселеси Мыйзам чыгаруу жыйынында каралат


БИШКЕК. Бул тууралуу бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаев маалымдады. Мыйзам чыгаруу жыйынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жыйынга президенттик админстрациядан жана өкмөттөн тиешелүү бийлик өкүлдөрү чакырылат. «Рентонгрупп» ишканасынын жетекчилиги 2003-жылдын август айында белгисиз жакка качып кеткендиги маалымдалган. Демилгелүү топ ишкана жетекчилиги өлкө боюнча 3 миңге жакын жарандын 250 миллион сом чамалаш акчасын алып кеткенин белгилеп жүрүшөт. Аманатчылардын белгилегендерине караганда «Рентонгрупп» ишканасынын качып кеткен жетекчиси Эдуард Пак кезинде мамлекет башчы Аскар Акаевдин кеңешчиси деген документ жана мамлекеттик кызматкерлерге таандык КS номерлүү менчик автоунаа менен жүрчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG