Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Москва районундагы жүгөрү заводу сатылды


БИШКЕК. Чүй обласынын Москва районундагы жүгөрүнү кайра иштетүүчү заводунун 88% акциясы Казакстандык «Vita» ишканасына 21 миллион сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган комитеттин маалымат кызматынын башчысы Татьяна Ноговицинанын айтымында, казакстандык компания ишкананы өнүктүрүү максатында 2023-жылга чейин 40 миллион доллар инвестиция салууга милдеттеме алды. Кошумчалай кетүүчү нерсе, буга чейин Казакстандык «Vita» ишканасы Токмоктогу сүт чыгаруучу заводун сатып алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG