БИШКЕК. Эртең Дүйшөмбү шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кезектеги саммити өтөт. Бул жолугушууда мүчө мамлекеттердин соода, транспорт, энергетика, маң заттарга каршы күрөш багытында кызматташтыгы жана Ооганстанды калыбына келтирүү боюнча аракеттери талкууланат. Уюмдун алкагында кабыл алынган макулдашууларды ратификациялоо маселелери да ушул отурумда каралат. Акырында мамлекет башчылар Дүйшөмбү декларациясына кол коюшат.
Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы тараткан кабарга караганда, жолугушуунун алкагында 7 инсанга уюмдун сыйлыктары тапшырылаары болжолдонууда. Алардын ичинен «Билим берүү» жаатындагы сыйлык Кыргызстандын биринчи айымы Майрам Акаевага ыйгарылат.
Саммитке катышуу үчүн президент Аскар Акаев бүгүн кечинде Москва аркылуу Дүйшөмбү шаарына сапар алат. Аскар Акаев бул күнү Москвада «Келечекке жакшылык ой менен» аттуу орус тилиндеги китебинин бет ачаар салтанатына катышмакчы.