Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Сатурнду курчап турган дагы бир алкак жана Сатурндун дагы бир жандоочусу ачылды. Бул тууралуу британ окумуштуусу Карл Мөррей маалымдады. АКШнын космосту иликтөөчү НАСА агенттигинин кабардашынча, өткөн аптада (8-сентябрда) Жерге кайтып келип, Юта (Utah) штатынын чөлдүү аймагына кулап түшкөн «Женисис» космостук жабдуусунун айрым табылгалары изилдөө үчүн жарактуу болуп чыкты. Жердешибиз Салижан Шарипов жакында космоско кайрадан аттанмакчы.

Ушул тапта Сатурндун айланасын иликтеп жаткан «Кассини» кемеси жиберген маалыматтарга таянуу менен, британдык окумуштуулар Сатурнду курчап турган дагы бир алкакты ачышты. Андан тышкары, буга чейин илимге белгилүү болгон Сатурндун 33 айынан тышкары, дагы бир жандоочунун карааны байкалды.

«Кассини» кемесинин илимий сапарынын натыйжаларын кылдат иликтеп жаткан окумуштуулардын бири, британдык профессор Карл Мөррей (Carl Murray) бул ачылышы үчүн кубанычын эч жашырган жок. Бирок ал бул ачылыштын ээси көп деп санайт:

- Бул илимий ачылыш «Кассини» кемеси жиберген сүрөттөрдү иликтеген топко таандык деп айтуу менин парызым. Мен болсо бул топтун бир өкүлүмүн. Менин бактым – бул алкак менен жандоочуну алгачкы болуп көрө калганым, бирок ачылыштын ээси – жалпы эле биздин топ.

Профессор Мөррей айткандай, буга чейин белгисиз болгон жандоочуну табуу үчүн мүмкүндүк жараткан сүрөттөр аралыктан башкарылган «Кассини» кемеси тарабынан быйыл 21-июнда тартып алынган. Сүрөткө караганда, жаңы табылган сатурндук айдын кеңдиги беш чакырымга да жетпейт. Ал эми жаңы алкакты айгинелеткен сүрөт 1-июлда тартып алынган.

Ал эми башка космостук иликтөө жаңылыктарына учкай кайрылсак, өткөн шаршембиде эки парашюту тең ачылбай калып, мерчемдүү жерге каалгып конбостон, кулап түшкөн «Женисис» (Genesis) космос жабдуусунун сыныктарын чогултуп жатып, америкалык окумуштуулар сүйүнгөнүн жашырышкан жок. Жабдуудагы космостук бөлүкчөлөр чогултулган идишке бул кыйроо кыйла залакасын тийгизген менен, идиштин айрым бөлүктөрү дурус сакталган экен. Бул атайын идиштеги алмаз, силикон жана көгүлтүр асыл таштан жасалган калыптарга «космостук шамал» деп аталган кубулуштун бөлүкчөлөрү чогултулган болчу. Кудай жалгап, идиштеги калыптардын көпчүлүгү сынбай калган экен.

Эми окумуштуулар Күндүн атомунун бөлүкчөлөрүнөн болгон бул заттарды иликтеп, мындан 4 жарым миллиард жылдай илгери Күн кантип жаралганын, эмне үчүн азыркыга чейин анын кубаты кайтпай келээрин аңдоо үчүн далаалат кылышмакчы.

Британиянын Ланкастер университетинин профессору, космосту иликтөөчү адис Роберт Уолш (Robert Walsh) бул атайын идиш менен алынып келинген бөлүкчөлөрдү иликтөөнүн маанисин мындайча түшүндүрөт:

- Чындыгында, бул изилдөө жашоонун башаты эмнеден башталганын, Күн менен Жердин системасынын өз ара назик байланышы кантип калыптанып, азыркы турумуна чейин өөрчүп жеткенин иликтөө мүдөөсүн көздөйт.

2001-жылы космос мейкиндигине аттандырылган бул америкалык космос жабдуусу жалпысынан 260 миллион долларга турду. Анын аткарган ишинин маанисин бир сөз менен айтканда, бул жабдуу Айдан узагыраакта жайгашкан космос мейкиндигинен күн атомунун бөлүкчөлөрүн чогулткан алгачкы космостук аппарат болуп калды. Буга чейин мындан 30 жылдан ашуун илгери Жерге Айдын кыртышынын үлгүлөрү жеткирилгенден бери окумуштуулар көбүнесе телескоп жана космостон жиберилген сүрөттөрдү үйрөнүү менен гана алектенип келишкен.

Ал эми Жерди айланган ири жасалма жандоочу – Эл аралык космос бекетинде ушул тапта тогузунчу экипаж илимий иликтөө жүргүзүүдө. Орус космонавты, командир Геннадий Падалка менен НАСАнын өкүлү, астронавт Майк Финк (Mike Fincke) өткөн аптада Кариб аймагы менен Кошмо Штаттар үчүн сарсанаа туудурган ири бороон-чапкындардын сүрөттөрүн Жерге улам жиберип турушту.

Айтмакчы, бул эл аралык тогузунчу топту алмаштыруу үчүн 11-октябрда Эл аралык космос бекетине келе турган экипажды жеткирчү «Союз» кемесинин командири – биздин жердешибиз, өзгөндүк Салижан Шарипов. Бекетке келген соң Салижан борт инженери катары алты ай бою мында кызмат өтөйт. НАСАнын өкүлү Лерой Чиао (Leroy Chiao) бекеттеги 10-топтун жетекчиси болмокчу.
XS
SM
MD
LG