Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

ДҮЙШӨМБҮДӨГҮ САММИТ, ӨКМӨТТҮН ТУУРА ЭМЕС САЯСАТЫ, АКАЕВ ДООРУНУН «АК ТАКТАРЫ»


14-сентябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Бермет Букашеванын Акаев доорунун ”ак тактары” деген болочок китебинин үзүндүлөрү жарыяланса, ал эми “Аалам” гезити мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү тууралуу тарыхчы Баяс Туралдын ой-пикирлерине орун берди.

14-сентябрда, бүгүн жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Бермет Букашеванын Аскар Акаев доорунун “ак тактары” деген болочок китебинен үзүндүлөр сандан санга жарыяланып жатат. Бул жолу 2002-жылдын 9-августунда Аскар Акаев оппозиционерлердин тар чөйрөсүн кабыл алганы, жолугушууда Өмүрбек Текебаевдин Элдик конгресстин атынан сүйлөп, учурдагы өлкөдөгү саясый абал, президенттик шайлоодогу көз боемочулуктар, оппозиционерлердин куугунтукталышы, эркин басылмалардын ооздукталышы тууралуу президентке айтканы жарыяланды.

Өмүрбек Текебаев чогулгандардын баары жеке таарынычтарынан өйдө болуп, эл ишенчү, эл туура көрчү чечимди биргелешип иштеп чыгууга чакырган. Атуулдарды Конституциялык кеңешме, андан кийин болуучу Конституциялык реформалар өлкөдөгү абалды өзгөртүп, адилеттүүлүккө, мыйзамдуулукка жана демократияга алып келээрине ишендирүү керек. Бирок, эл оппозициянын өкүлдөрү теңме-тең катышкан органга гана ишенет. Өмүрбек Чиркешович Конституциялык кеңешменин курамы 40 кишиден туруп, оппозициядан 20, бийликтен да 20 өкүл катышуусун сунуш кылды” деп жазат Бермет Букашева.

Ушул басылмада Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Марат Султанов менен болгон маектешүү да жарыяланды. Мында Марат мырза мындай дейт:

- Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү айыл жергечсинде жашайт. Алар деле инвестор. Өзүнүн жыйнаган акчасына мал алат, чөп алат. Башкача айтканда, өз акчасын өлкөнүн экономикасы үчүн жумшайт. Бирок, өкмөт эми гана шарп ылаңы чыккандан кийин вакцинациялоого 30 млн. сом бөлсөк окшойт деп ойлоно баштады. Же картошканын баасы түшүп, дыйкандар жапырт банкрот болгондон кийин гана Өзбекстан, Казакстан менен келишим түзүүнү ойлонууда. Муну эки жүздүү мамиле деп коет. Чет элдик инвесторлорду эркелетип, өз элибизге өгөй баладай мамиле кылып атабыз. Бул өтө туура эмес саясат, - дейт депутат Марат Султанов.

Ушул «Агым» басылмасында дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Сессия жаңылыктары, «Дүйнө - бир бүркүм» кабарлары, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев менен кабарчыбыз Жолдошбек Зарлыкбековдун маеги, депутат Дооронбек Садырбаев өзүн сүздүргөн келинди эмне үчүн кечиргени тууралуу, окурмандардан келген кат-кабарлардын негизинде түзүлгөн «Бомбей кат» бети, Жапанияга түшкөн атом бомасынын тарыхынан баян, Жамбул Камчиевдин борборду Ошко эмес, Өзгөнгө көчүрүү керек деген ой-пикири, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн «Ормон хан» спектали жөнүндө ой-толгоо жана башка жаңылыктар жарык көрдү.

Ошондой эле шейшембиде жарык көргөн “Аалам” басылмасында мамлекеттик тилиндин көйгөйлөрү тууралуу тарыхчы Баяс Туралдын ой-пикирлерине орун берилди. «Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу басылманын редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

- Эстрада ырчысы, маркум Таалай Бектургановдун ысымын алып жүргөн топ менен кабарчы Бактыгүл Абдылдаеванын маеги, ошондой эле «Чыгыш дүйнөсүн изилдөөчүлөрдүн кезектеги 37-Конгрессине катышып келген окумуштуулар Кусейин Исаев менен Кадыралы Коңкобаев менен журналист Кенжаалы Сарымсаковдун интервьюсу, андан сырткары парламенттик кабарлар, сырт кабарчыбыз Ракым Асылбаевдин жакындап келаткан парламенттик шайлоолор тууралуу «Жалгыз көзүр» деген ой-толгоосу жана журналист Элнура Кулуеванын «Текебаевдин баш бармагы» деген тема менен шайлоо кодекси тууралуу талаш-тартыш жөнүндөгү макаласы жарык көрдү.

13-сентябрдагы “Вечерний Бишкек” басылмасында Чех Республикасынын президенти Вацлав Клаустун өлкөдөгү расмий сапары, бүгүн Дүйшөмбү шаарында башталчу Экономикалык кызматташтык уюмунун 8- саммити жана “Алга, Кыргызстан” партиясынын экинчи курултайы жөнүндөгү макалалар жарыяланды. Ушул басылманын маалыматы боюнча 4-октябрда Бишкекте “Дүйнөлүк цивилизация алкагында түрк цивилизациясынын орду жана ролу” деген темада эл аралык 2-Конгресс өткөрүлөт. Бул форумга АКШ, Орусия, Улуу Британия, Франция, Кытай, Жапан, Түркия жана башка 20дан ашуун өлкөнүн окумуштуулары катышаарын билдирген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG