Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЯЛДАРДЫН САЯСИЙ АКТИВДҮҮЛҮГҮ ТӨМӨН


Азиза Турдуева, Бишкек Урматтуу угармандар! Уктуруубузду Кыргызстандагы аялдардын өлкөнүн саясий турмушуна катышуу маселесине байланыштуу тема менен улантабыз. Өлкөдө учурда аялдардын саясий активдүүлүгү кандай? Аялдар алдыда боло турган шайлоолорго канчалык жигердүү катыша алышат?

Айрым иликтөөлөрго караганда, соңку жылдары Кыргызстандын саясий турмушунда аялдардын орду төмөндөөдө жана мындай жагдай эң ириде өлкөдөгү оор экономикалык, социалдык абал менен шартталып жатат. Кыргызстандын калкынын 51 пайызын тузгөн аялдардын бүгүнкү күндөгү экономикалык, социалдык абалы оор бойдон кала берүүдө.

Белгилүү болгондой, бардык мамлекеттерде эле, аялдардын саясий активдүулүгүнүн бир көрүнүшү тигил же бул өлкөдөгү шайлоолорго катышуу деңгээлине байланыштуу. Бир катар саясатчылардын божомолунда, Кыргызстанда боло турган шайлоолорго аялдар активдүү катыша албайт. Өлкөнүн жаңы Конституциясына ылайык, шайлоо системасынан партиялык тизмелер боюнча шайлоо ыкмасынын алынып салынышы да, аялдардын парламентке көбүрөөк келишине бөгөт койгондой болду. Өткөндөгү парламенттик шайлоо мажоритардык-пропорционалдык системанын негизинде өткөндүгүнөн, парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы 7 депутат-айымдын ичинен үчөө партиялык тизмелер боюнча депутаттык мандатка ээ болгон.

Кыргыз парламентинин айрым айым-депутаттары белгилешкендей, алдыдагы шайлоолорго аялдардын депутаттыкка талапкер катары катышуусу өтө кыйын болот. Буга байланыштуу парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Оксана Малеваная:

- Тилекке каршы, азыркы учурда биздин өлкөдө аялдардын жергиликтүү кенештерге, андан да Жогорку Кеңешке депутаттыкка өтүшү үчун шарттар аз. Мажоритардык ситеманын шартында аялдарга бир мандаттуу округдарда жеңишке жетишүү кыйын болот. Анын үстүнө бизде шайлоо кампаниясына катышуу үчүн акчасы жетиштүү айымдардын саны да өтө эле аз, - дейт депутат О. Малеваная.

Палатанын депутаты Токтокан Боромбаева да, шайлоолордо аялдар эркектер менен тең таймаша алышпайт деген пикирде:

- Бул шайлоолордо өткөнкүгө караганда аялдар активдүүрөөк катышат деп ойлобойм. Анткени, ага айрым тоскоолдуктар бар. Мисалы, жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер болуу үчүн миң сом, ал эми Жогорку Кенешке талапкер болуп катталуу үчүн 30 мин акча керек. Ошондуктан, аялдар талапкер катары да бул шайлоого жигердүү катыша албайт.

Ал эми «Жаңы Күч» партиясынын төрайымы Токон Шайлиева болсо, аялдардын саясий турмушка жигердүү катышуусу үчүн өлкөдө бардык шарттар түзүлгөн, бир гана алардын аракети жетишпейт деген көз карашта:

- Чындыгында айтканда, биздин өлкөдө аялдар саясий турмушка активдүү катышуусуна бардык шарттар бар. Бирок, аракет да керек да. Отура бергенден эч нерсе чыкпайт. Аракет кылуу керек. Мисалы, биздин партия азыр жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди корсөтүүдө. Алардын ичинеде ондогон аялдар көрсөтүлдү, - дейт Токон Шайлиева.

Серепчилер аялдардын шайлоочу катары да алдыдагы шайлоого катышышы кыйын болоору жөнүндө да айтышууда. Буга байланыштуу биз алдыдагы шайлоолордо добуш берүүгө барасыздарбы деген суроо менен Бишкектин көчөлөрүндө айрым айымдарга кайрылганыбызда, алар төмөнкүдөй жоопторун айтышты.

Валентина Трофимова, 64 жашта:
- Мен шайлоого барамын. Сөссүз барамын. Мурдагы шайлоолоргода такай барып, тигил же бул талапкер, албетте, татыктуу талапкер үчүн добуш берип келгенмин.

Ал эми кесиби боюнча библиограф, учурда соода-сатык менен алектенген 56 жаштагы Сабира Жороева мындай жооп берди:
- Мен чындыгында шайлоонун адилет отүшүнө ишенбейм. Биздин барып добуш бергенибиз эч нерсени чечпейт. Баары бир өздөрү каалагандай жыйынтык чыгарылат. Ошондуктан, мисалы мен бул шайлоого барбайм.

41 жаштагы дарыгер Гульмира Кожобекова да шайлоонун жыйынтыктары булмаланып келгендигин белгиледи:
- Мен да шайлоолордун жыйынтыктары дайыма эле бурмаланып келет деп айтаар элем. Шайлоо чыныгы ачык, акыйкат өтөөрүнө ишеним жок болгондон кийин, ага баруунун зарылдыгы эмне? - деп жооп берди Гульмира Кожобекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү маалыматтары боюнча мисалга алсак, Баткен облусунда жергиликтүү кенештерге 593 талапкердин ичинен 83 аял катталды. Жалалабат облусу боюнча бүгүнкү күнгө карата 829 талапкердин ичинен 43 аял, Нарын облусунда болсо, 880 талапкердин ичинен 139 аял жергиликтүү кенештерге депутаттыкка ат салышууга катталды.
XS
SM
MD
LG