Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Шайлоо калыс өтөөр бекен?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жалалабадда талкуу өттү. Анда белгиленгендей жергиликтүү кеңештерге, парламентке жана президентти шайлоолор мыйзам чегинде адилет өтүшү керек. Шайлоо кодексинин өзгөчөлүктөрүнөн коомчулук кабарсыз. Областта шайлоону ачык өткөрүүнү камсыз кылуу маселесине арналган талкууну областык бийлик менен маалымат каражаттарын колдоо борбору уюштуруп, ага мамлекеттик, өкмөт эмес жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Талкууда бейөкмөт уюмдар менен байкоочулар жаңы шайлоодо мурдагыдай көз боёмочулукка жол бербөөгө айрыкча кызыкдар экенин белгилешти. Алардын оюнда 10-октябрда болуучу жергиликтүү кеңешке, эмки жылы болуучу Жогорку Кеңешке жана президенттик шайлоолорду мыйзамбузууларсыз өткөрүүгө коомчулук даяр эмес. Бейөкмөт уюмдун өкүлү Каримкул Раимкулов байкоочуларга жакшы шарт түзүлбөй калабы деп чочулайт:

- Азыр бул кодексте "место отведенный для их размещения" дейт. Бир жерге отугузуп койсо бүт процесстерди байкашка көзү жетпей калат да.

Укук коргоочу Абдималик Шариповдун байкоосунда бийликчил партиялардын дымагы эмитен күчтүү:

Облшайлоокомдун пикири боюнча атуулдук позиция менен мыйзам бузулбаса, шайлоо ачык, калыс болот. Калемгерлер окуяны бурмалабай чагылдыруусу абзел:

- Шайлоону ачык өткөрүш үчүн бардыгы өздөрүнүн атуулдук позициясына турушу керек, биринчиден. Экинчиден, мыйзамды жогору коюш керек, мыйзамды сакташ керек. Үчүнчүдөн, өзүнүн адамкерчилик сапатын жана ыймандуулугун кармаш керек. Шайлоонун бардыгы тынч, таза жана ачык өтөт деген ойдомун.

Жогоркудай ойду облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов билдирди. Областтык бийликтин өкүлү Орозалы Карасартовдун көз карашы боюнча мамлекет шарт түзсө, шайлоо демократиялуу өтөт:

- Шайлоолордун ачык өтүшү үчүн мамлекет шарт түзүп бериши керек.

Саясий партиялардын шайлоочуларды окутуу оюн колдогон «Атамекен» партиясынын мүчөсү Кубат Артыков шайлоонун таза өтөөрүнө көзү жетпейт:

- Шайлоону акыйкат өткөрүү үчүн ар бир партиянын мүчөлөрү аны өткөрүүгө даяр болушу керек. Шайлоо кодексин сактап, жер-жерлерде элге толук түшүндүрүп, аң-сезимине жеткире билсе жакшы болот. Ишенишке аракет кылыш керек. Бирок бийлик ага жол бербейт го деп ойлойм. Себеби жакынкы эле күндө Базаркоргондо сессияда бекитип атат, "Алга, Кыргызстандын!" бир мүчөсүн конференцияга жибериш үчүн 5 миң сом кетти. Ушуну сессияда бекитип койгулачы. "А бекитпей койсо болбойбу" деп депутаттар суроо берсе, аксакал капа болот да дейт, - деди Кубат Артыков бийлик өкмөтчүл партияларды жактаганы жөнүндө.

XS
SM
MD
LG