Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:54

Дүйшөмбү күнү Өзбекстандын президенти Ислам Каримов коңшулары Казакстан менен Кыргызстандын бийликтерине кайрылып, аларды чек ара аймактарында коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды. Анын айтымында, дээрлик каралбаган чек ара аркылуу террорчулар чет жактардан Өзбекстандын ичкерки аймагына өтүүдө.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Ислам Каримов сентябрдын 13үндө коңшу өлкөлөрдүн – Казакстан менен Кыргызстандын жетекчилигине кайрылып, Өзбекстанда жана башка айрым Борбор Азия өлкөлөрүндө тыйуу салынган исламчы «Хизб ут-Тахрир» уюмун ойрон кылууга жана бул уюмдун өкүлдөрүнүн чек арадан ары-бери ээн-эркин өтүүсүнө бөгөт коюуга чакырды. Өзбек өкмөтү үстүбүздөгү жылы уюштурулган жана 50дөн ашуун кишинин өмүрүн кыйган террордук чабуулдарды жүзөгө ашыргандар – ашынган исламчылар болду, алардын катарында «хизб ут-тахрирчилер» да бар деп санайт.

Дүйшөмбүдө (13-сентябрда) чех президенти Вацлав Клаус менен жолуккан соң өткөрүлгөн маалымат жыйынында өзбек президенти И.Каримов өз коңшуларын мындай деп сынга алды:

- Деги, бизде чек ара дээрлик жок болуп жатса, кантип бул уюмга каршы күрөшөбүз? «Хизбу-т-тахрир» уюмунун мүчөлөрү болсо бул коңшу өлкөлөргө жеңил-желпи өтүп кетип жатпайбы. Бул коңшу аймактарда алиги уюмдун өкүлдөрү өз камылгаларын жасап, кадимкидей жашап, өз ишмердүүлүгүн кадимкидей жүргүзүп жатат. Эртең болсо ал уюм өзүнүн мыкаачылык иш-чарасын жүзөгө ашырат.

Ал эми «Хизб ут-Тахрирдин» Лондондогу кеңсеси террорчулук иш-аракет жүргүзүп жатат деп өз дарегине айтылган сындарды жуутпай, четке кагып келет. Уюм Борбордук Азияда исламдык халифатты тынч жол менен гана курабыз деп жарыялоодо.

Жакынкы учурларда Казакстан террорчу деп шектелген топтор баш пааналаган болжолдуу жай катары курч сынга алына баштады. Өзбек бийлигинин жоромолунда, быйыл июлда Ташкендеги АКШ менен Израилдин элчиликтеринин маңдайында уюштурулган жардыруулар үчүн жооптуу жан кечтилердин бири Казакстандан келген имиш. Орусиянын тергөөчүлөрү да Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы барымтачылардын арасында казакстандыктар бар болчу деп кинесин айтып чыкты.

Өткөн аптада казак президенти Нурсултан Назарбаев коопсуздукту чыңдоо көйгөйлөрүн козгоп, мындан ары коргоо жана коопсуздук тармагы үчүн каражат көбүрөөк бөлүнүшү керек деп билдирди:

- Эми биз өзүбүздүн коопсуздугубузду чыңдоо, өлкөнү коргоо үчүн, баңгизаттарга каршы күрөшүү, экстремизм менен террорчулукту болтурбоо үчүн алдын-алчу күрөштү жайылтуу максатында көбүрөөк акча каражатын жумшообуз керектигин элибиз көңүлүнө түйүүгө тийиш.

Ал эми Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Божконун оюнча, ал өзү «террорчу» деп атаган күчтөр казак жерин Өзбекстандан ары-бери өтүүгө мүмкүндүк берген өткөөл жайга айландырып алышты.

Кыргыз бийлиги да коопсуздук чараларына олуттуу мамиле жасай баштады. Бирок, коңшу Казакстан жана Өзбекстандан айырмаланып, расмий Бишкек кубаттуу өлкөлөр менен тыгыз кызматташтык аркылуу бул маселени чечүүгө ынтызар.

Кыргыз президентинин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев «Азаттык» үчүн курган маегинде өз өлкөсү эл аралык террорчулукка каршы күрөшкө тийешелүү салым кошуп жатканын баса белгиледи:

- 2001-жылы ушул көйгөй менен бетме-бет туш келгенде, АКШ анти-террордук коалиция түздү. Биз коалицияга «Манас» аба майданында аба базасын түзүп бердик. Андан тышкары, мына, Кант шаарчасында орусиялык аскер аба базасы жайгашты. Мунун бардыгы тең эмне үчүн жасалып жатат? Коопсуздукту камсыздоо максатында жасалып жатат.

Бирок, Брүс Панниер (Bruce Pannier) сыяктуу серепчилер белгилегендей, бул аскер базалары Борбордук Азия аймагындагы радикал исламчы топтор менен түздөн-түз алектенишпейт. Ошондуктан ар өлкөдөгү жана жалпы аймактагы коопсуздукту дурустап камсыз кылуу чаралары Борбор Азия өлкөлөрүнүн жеке өздөрүнүн милдети бойдон кала бермекчи, дешет серепчилер.


(Сүрөттө - быйылкы 29-марттагы террордук чабуулдан кийинки Ташкендин «Чарсу» базарынан бир көрүнүш).
XS
SM
MD
LG