БИШКЕК. Казакстанда үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында өтүүчү парламенттик шайлоого Кыргызстандын Мыйзам чыгаруу жыйынынан беш депутат байкоочу катары катышат. Бул максатта 17-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Хаджимурат Коркмазов, Токтокан Боромбаева, Жангороз Каниметов, Тайырбек Сарпашов, Карыпбек Алымкулов Бишкектен Казакстанга жөнөп кетишет. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар бөлүмүнөн кабарлашты. Казакстандагы парламенттик шайлоого ошондой эле «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов да байкоочу катары катыша тургандыгы маалым.