Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

Шайлоого талапкерлердин саны өстү


БИШКЕК. 13-сентябрдын кечинде такталган маалыматка караганда, жергиликтүү кеңештердин 6748 депутаттык оруну үчүн 6123 талапкер катталды. Мындай маалыматты бүгүн айылдык жана шаардык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ассоциациясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңешке талапкерлердин саны бардык башка аймактардан көп болууда. Бүгүнкү күнгө карата 44 мандат үчүн 143 талапкер арыз берди. Ал эми калган округдарда акыркы мөөнөт катары белгиленген 16-сентябрга чейин талапкерлердин саны 10 миңге чейин өсүшү ыктымал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG