Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

"Адилет шайлоо үчүн" атуулдук биримдигинин аты өзгөртүлөбү?


БИШКЕК. «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук биримдиги келечекте "Адилет шайлоо үчүн улуттук кыймыл" деп кайра түзүлүшү ыктымал. Бул максатта учурда биримдик жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө. Биримдикти уюштуруучулардын бири Мелис Эшимкановдун айтымында, биримдиктин атын өзгөртүүнүн башкы максаты - адилет шайлоо өткөрүү демилгесин жалпы улуттук кыймылга айландырып, анын курамына башка ар түрдүү көз-караштагы саясатчыларды кошуу аракети менен байланыштуу.

«Адилет шайлоо үчүн атуулдук бирикмеси» үстүбүздөгү жылдын май айында түзүлгөн. Биримдиктин координациялык кеңешинин төрагалыгына коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркулов, орун басарлыгына Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Марат Султанов шайланышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG