Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Каримов экономикалык уюмдардын Кыргызстанга ыбаа карап жатышына нааразы


БИШКЕК. Борбор Азия аймагын кыдырган Чехия президенти Васлав Клаус менен Ташкендеги жолугушууда дүйнөлүк экономикалык уюмдар менен кызматташтык тууралуу сөз болуп, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов алардын Кыргызстанды Өзбекстандан артык көрүп жаткандыгын белгиледи. Ислам Каримовдун айтымында, Кыргызстандын карызы 1 миллиард 800 миң доллар, бул карыз дүң өндүрүштүн 130-140% түзөт, келерки жылы дагы 450 миллион доллар карызын кечет деп Париж клубунан кыргыз өкмөтү үмүт кылып жатат. Бул тууралуу бир катар дүйнөлүк маалымат каражаттары жазды.
Пресс-конференцияга шилтеме берген маалымат каражаттары ошондой эле Өзбек президенти Ислам Каримов Кыргызстан менен Казакстанды ислам уюмдарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салууга маани бербей жаткан өлкөлөр катары сынга алганын жазышты. Каримовдун айтымында, бул кошуна эки өлкө аймагындагы айрым мусулман окуу жайлары студенттерди Иран, Пакистан өлкөлөрүнө окууга жөнөтүп жатышат. Казакстан исламчыл уюмдардын аракеттерин тыюуга жаңы киришип жатат, кыргыз парламентинде болсо «Хизб ут-Тахрир» уюмун ачыкка чыгаруу тууралуу сөздөр айтылууда. Коңшу өлкө башчысынын мындай билдирүүлөрү боюнча Кыргызстандын расмий өкүлдөрү жооп кайтара элек. Ал эми саясатчылар мындай пикирди Өзбек президентинин аша чапмасы катары баалап жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG