Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:08

Чиновниктер коррупция менен күрөшүүнүн жолдорун окушат


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын октябрь-декабрь айлары өлкөдөгү бардык катмардагы мамлекеттик чиновниктерге коррупция менен күрөшүүнүн жолдорун үйрөтүү боюча атайын окуулар өткөрүлөт. Мындай буйрукка мамлекет башчысы Аскар Акаев кол койду. Мамлекет башчынын буйругуна ылайык президенттин алдындагы башкаруу жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияга бир аптанын ичинде мындай окутуунун планын иштеп чыгуу тапшырылды. Ал эми курстарды уюштуруп, аларды каржылоо кыргыз өкмөтүнө жана бардык облус губернаторлоруна жүктөлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG