Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:26

Жогорку Кеңеш шайлоо тууралуу эки мыйзам талкууланууда


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн «Жергиликтүү кеңештин депутатынын макамы жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндөгү» өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорун талкуулап, бирок кабыл алган жок. Долбоорду беренелер боюнча талкуулоону болгону 22 депутат колдоду.

Долбоордо 5-беренеге «Шаар мэри, анын биринчи орун басары жана орун басарлары, шаар, айыл, шаарча башчыларынын орун басарлары, ошондой эле шаар мэринин, шаардык, айылдык жана поселкалык башкармалыктардын структуралык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери жергиликтүү кеңештерге депутат боло алышпайт» деген өзгөртүү кирген.

Ушул эле отурумда парламент «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулады. Депутат Турдакун Усубалиев сунуштаган бул долбоор талапкерлердин өзүнүн жана үй бүлөсүнүн кирешелери тууралуу милдеттүү түрдө маалымат беришин карайт. Долбоор боюнча талкуу бейшембиде уланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG