Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Депутат Аскар Акаевге кат жолдоду


БИШКЕК. Катта депутат Азимбек Бекназаров келерки президенттик шайлоого талапкер катары барбай тургандыгын кат жүзүндө бышыктап берүүнү суранган. Анын айтымында, президент буга чейин маалымат каражаттарында жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларда келерки мөөнөткө баруу Конституциянын талабына каршы келерин бир нече жолу билдирген. Мындай көз-карашты бекемдеген катты президент Конституциялык сотко же депутаттын өзүнө жолдошу керек деп эсептейт депутат.

Каттын жазылышына депутат Дүйшөн Чотоновдун Конституциялык сотко жолдогон арызы негиз берди. 4-февралда карала баштаган ал арызда Аскар Акаевдин келерки президенттик шайлоого барар-барбасы тууралуу талашты тактап берүү суранычы айтылган. Депутат Азимбек Бекназаров аталган иш боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын Конституциялык соттогу өкүлү болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG