Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

БРЮСЕЛДЕГИ РАСИЗМ БОЮНЧА ЖАҢЫ КОНФЕРЕНЦИЯ


Нарын АЙЫП, Прага Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму 13-14-сентябрда Брюссел шаарында расизм жана диний маселелер боюнча конференция өткөрдү. Анда негизинен акыркы мезгилде өрчүгөн исламдык экстремизм жана ага байланыштуу Батыш өлкөлөрүндө күчөп бараткан антиисламдык маанай менен байланышкан маселелер талкууланды.

Конференцияга 55 мүчө-мамлекеттин тышкы иштер министрлери же башка өкүлдөрү жана кээ бир эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты. Жыйында чыгып сүйлөгөн көпчүлүк эксперттердин сөздөрүндө, улам күчөп бараткан диний жана улут аралык касташууну жок кылуу үчүн, бардык өлкөлөрдүн тургундарын жаш кезинен тартып чыдамдуулукка, башка улуттагылардын маданиятын жана динин сыйлоого үйрөтүп-тарбиялоо зарылдыгы айтылды.

Конференцияны ачкан Белгиянын премьер-министри Ги Верховштадтын айтымында, улуттук жана диний терсаяктык эмгиче Белгиянын өзүндө да бар, мисал үчүн жакында Антверпен шаарында жергиликтүү жаштар жөөттөргө каршы чабуул жасаган. Премьердин пикиринде, Белгиянын өзүндө дагы коомдук пикир жетиштүү ылдамдыкта өзгөрбөй жатат:

- Көпчүлүк саясатчылар ойлойт, глобализациянын өнүгүшү, сыналгы менен интернеттин тарашы жана ар башка өлкөлөрдүн тургундарынын чет мамлекеттерге жасалган сапарларынын саны көбөйгөнү эле Европа же бүткүл дүйнө элдер арасындагы чыдамдуулукту күчөтөт деп. Тилекке каршы, биз андан тескери окуяларга улам көп күбө болуп жатабыз. Баарыңар көргөндөй, ашынган улутчул, оңчул партиялар расисттик маанайды күчөткөн аракеттерди ачык уюштурууда жана улут аралык касташуу аракеттери да улам көп көрүлө баштады.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пассинин айтымында, Батыш коомунда акыркы мезгилде антиисламдык маанай күчөдү жана ага каршы бирдиктүү аракет көрүлүүгө тийиш:

- Ислам дини жана жалпы эле мусулмандар менен арабдарга каршы Батыш өлкөлөрүндө акыркы мезгилде улам күчөп бараткан маанай жана кээде ачык жасалган чабуулдарга биздин уюм аракет көрүүгө тийиш деген Ислам өлкөлөрүнүн пикирин биз түшүнөбүз. Мындай маанай жана жалпы эле терсаяктык, дин аралык касташуу менен улуттук дискриминацияга каршы чечкиндүү аракет көрүү бул конференциянын негизги максаты. Ошондуктан мусулмандардын тынчсыздануусу биздин уюмдун дагы тынчсыздануусу.

Конференцияга катышкан Йорданиянын ханзадасы Хасандын пикиринде болсо, чыдамдуулук же улут аралык касташууну жоюу деп айткандын ордуна, жөн гана ар башка улуттардын өкүлдөрүнүн бир бирин сыйлоо тууралуу сүйлөш керек:

- Урматтуу төрага, чыдамдуулук тууралуу айтылган бардык сөздөрдү сыйлоо менен, мен бир сунуш кылат элем - адамдар бир-бирин жөн гана сыйлаш керек деп айтар элем. Сиз мага чыдамдуу же мен сизге чыдамдуу болуш керек эмеспиз, биз жөн гана бир-бирибизди сыйлаш керекпиз, бир-бирибиздин маданиятыбызды сыйлоого тийишпиз. Азыркы учурда дүйнөдө көптөгөн маселелер эрежесиз чечилип жатат жана ар башка улуттар бир-биринин салттарын сыйлаган үзгүлтүксүз салт түзүлүп, ал эрежеге айланыш керек.

Ханзада Хасандын айтымында, расизм же башка бир кас маанайды сынга алып, алар тууралуу улам жаңы чечим чыгаргандын ордуна, дүйнө мамлекеттеринде көп маданияттуу коом түзүлүп, ага кеңири колдоо көрсөтүлүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG