Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Белоруссияда өткөрүлгөнү жаткан референдумга Еврокеңеш тынчсызданууда


ПАСЕнин төрагасы Питер Шиидер белорусиялыктардын референдум өткөргөнгө укугу бар экенин эч ким тана албай турганын айтып, бирок ал эл аралык стандарттарга ылайык болоруна ишенич жоктугун бөлүп көрсөттү. Еврокомиссиянын жогорку даражалуу өкүлү Ана Лойала де Паласио Белорусиядагы соңку жагдайга Евросоюз катуу кооптонуп жатканын, бу өлкөдө мыйзамдуулук, демократия жана адам укуктары чөйрөсүндө абал начарлап баратканын белгиледи. Президенттин мөөнөтүн узартууну караган референдумга да биз өзгөчө камтама болуп жатабыз, деп айтты Паласио.

Кечээ Евросоюздун тышкы иштер министрлери да ушундай пикирин билдиришкен эле. Президент Александр Лукашенконун конституцияда аныкталган мөөнөтү 2006-жылы бүтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG