Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Палестиналык бир жанкечти өзүн жардырып өлдү


Эки жөөт солдаты жарадар болду. Израил офицери Шимон жанкечти эч кандай шек-шыбаа билдирбей, велосипедчен солдаттарга жакындап келгенин жана документин сурашканда бомбасын жардырып жибергенин айтты. Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Калкилия шаарындагы бул иш үчүн жоопкерчиликти “Ал-Аксанын азапкерлер бригадасы” өзүнө алды. Кечээ израил аскерлери абадан Жениндеги айрым буталарга сокку урган эле. Бүгүнкү иш ошо операция маалында мүрт кеткен палестиналык үч адамдын өчүн алуу үчүн жасалды, деп билдирди экстремисттик топтун өкүлү. Израилдин коопсуздук кабинети эмдиги жылы палестин аймактарынан жөөт маалаларын көчүрүүнүн жана чыгымдардын ордун толтуруунун планын бекитти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG