Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Иракта бүгүн алтымыштай адам апаат болду


Багдаддын чак ортосунда машинага коюлган бомбадан 47 киши набыт кетти, жүздөн ашуун адам жарадар болду. Буга катарлаш Бакуба шаарында козголоңчулар полициянын машинасына кол салып, он эки кишини өлтүрүп кетишти. Ички иштер министри Фалах ал-Накиб булардын баарын ирак элине жана мамлекетине каршы багытталган карасанатайлык деп баалады. Багдад менен Бакубадагы окуялар үчүн жоопкерчиликти Абу Мусав ал-Заркавинин “Таухид вал Жихад” деп аталган тобу өзүнө алды. Багдаддын дагы бир районунда жол көбөөлүнө көмүлгөн бомбадан америкалык эки солдат өлдү, дагы үчөө жарадар болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG