Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Бесландагы трагедиядан кийин президент Владимир Путин Россиянын бийлик системасын реформалоону баштады. Батышта жана Россиянын өзүндөгү демократтар аны авторитаризмге кайтуу катары баалоодо. Буга кыргыз саясатчыларынын пикири кандай? Дегеле Россиядагы реформанын Борбор Азия регионуна таасир тийиши мүмкүнбү?

Дүйшөмбү күнү Москвада өткөн чоң жыйында орус президенти Владимир Путин өлкөнүн бийлик системасын кескин реформалай турганын билдирди. Ага ылайык губернаторлор эл тарабынан эмес, президенттин сунушу менен жергиликтүү кеңештер тарабынан, ал эми Мамлекеттик думага депутаттар жалаң гана партиялык тизме боюнча шайланмакчы. Батыш өлкөлөрүндө Россия президентинин бул кадамы авторитаризмди күчөтүү катары бааланып, анын террорго каршы күрөшкө тиешеси жоктугу белгиленүүдө. Россиянын өзүндөгү демократтар да ушундай эле пикирде болууда.

Кыргыз саясатчыларында да ушундай маанай орун алууда. Маселен Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, “Алга, Кыргызстан” партиясынын өкүлү Валерий Диль Россиядагы бийлик системасын реформалоо тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Бул демократиядан тайуу. Алар аткаруу бийлигин чыңдоону, президенттин таасирин күчөтүүнү каалап жатышат.

Дилдин пикиринче, Россиядагы реформалар Кыргызстанга катуу таасир этпейт.
Ал эми “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов:

- Кандай шайлашат - ал Россиянын элинин өз эрки. Бирок орус президенти Владмир Путиндин ушундай оор трагедияны, террордук чабуулду пайдаланып, өзүнүн жеке авторитардык бийлигин бекемдеп алганы - бул албетте, эч кандай маданиятка сыйбайт.

Анын айтымында, Россияда атуулдук коомду куруу артка жылдырылып, бийликти чыңдоо аракети күчөөдө. Мунун таасири Кыргызстанга тийбей койбойт. Бирок кыргыз саясатчылары ал таасирди азайтуунун айласын көрүү керек, дейт Эдил Байсалов.

Коммунисттер партиясынын лидерилеринин бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев Путиндин реформасында демократиядан артка чегинүү жок деп билдирди:

- Губернаторлорду депутаттар шайлаган болсо, ал эми депутаттар эркин шайланса - анда демократиядан тайуу болбойт, туура эле болот.

Анын айтымында, Россиядагы кырдаал ушундай кадамга барууга орус жетекчилигин мажбур кылууда.

Ал эми “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай пикирин ачыктады:

-Менин оюм боюнча, Россияда демократиядан артка кетүү болгон жок. Себеби биздин байкообуз боюнча, демократия ал жерде алдыга аз эле жылган. Эми болсо ал төмөндөй баштады десек болот.

Алиевдин пикиринде, Беслан трагедиясын пайдаланып авторитардык режимди бекемдей баштады. Муну буга чейинки Кремльдин ишкерлерге, маалымат каражаттарына карата мамилеси далилдеп турат. Биздин региондогу мамлекеттер болсо - Россияда ушундай тенденция качан башталаарын күтүп турушкан. Эми болсо алардын чырагына май тамды, дейт Эмил Алиев.

Талдоочулардын пикиринде, учурда Россияда негизги телеканалдар мамлекеттин колунда. Алар Беслан трагедиясы учурунда туура эмес маалыматтарды таратып турушкан. Ал эми Мамлекеттик думаны болсо президенттик “Единая Россия” партиясы көзөмөлдөйт. Демократиялык маанайдагы депутаттар бир мандаттуу шайлоо округдарынан жеңишке жетишип келген. Эгерде жалаң партиялык тизме менен шайлоо болсо - маалымат каражаттарына чыгуу мүмкүнчүлүгү жок партиялардын, бир мандаттуу округдардан шайланып келген инсандардын парламентке келүүсү мүмкүн болбой калат.

Натыйжада Мамлекеттик дума толугу менен “Единая Россиянын” мүчөлөрүнөн куралышы ыктымал. Ал эми губернаторлорду президенттин сунушу менен жергиликтүү кеңештердин шайлоосу - Кремльдин, тагыраак айтканда, президенттин бийлигин ого бетер күчөтөт. Ошондуктан Россияда авторитаризмдин күчөшү жөнүндө кооптонуулар айтылууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG