Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

КАЗАКСТАНДАГЫ ШАЙЛООДО АТАСЫ МЕНЕН КЫЗЫНЫН ПАРТИЯЛАРЫ АТ САЛЫШАТ


Ушул жекшембиде Казакстанда парламенттик шайлоо өтөт. Казак бийликтери беш жылда бир келчү саясий өнөктүк эл аралык талаптарга ылайык адилеттүү, ачык өтүп жатканын айтканы менен, байкоо салган эл аралык уюмдар шайлоо кампаниясы президент Н.Назарбаев менен анын кызы Дарига Назарбаеванын партияларынын пайдасына уюшулганын билдирүүдө.

Бир айдан бери кооз автобустарга түшкөн жашыл-ала оймо-чиймелүү улуттук кийимчен артисттер Казакстандын кең талаа-чөлдөрүн кыдырып, айылма-айыл концерт коюп, элди президенттин тун кызы Дарига Назарбаева башкарган "Асар" партиясына добуш берүүгө үгүттөп жүрүшөт. Андан тышкары Казакстандагы башкы телеканал-радионун баары Н.Назарбаев жетектеген "Отан" менен ушул "Асар" кыймылын ар тараптан мактап-даңктап турган кез.

Андыктан, жакында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Алматыдагы өкүлчүлүгү Казакстандагы парламенттик шайлоодо партияларга бирдей мүмкүндүк түзүлбөгөнү, өкмөтчүл эки партия элди үгүттөө ишин мөөнөтүнөн мурда баштап, ага башкаруу ресурстары, башкача айтканда, өкмөттөн акимчиликтерге чейин жеңтүрүнө катышып, чектелген акчадан кыйла ашыкча каражат сарптаганын билдирди. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы атайын маалымат жыйынында андай пикирге каяша айтып, бардык саясий кыймылдарга бирдей шарттар түзүлгөнүн кайталады.

- Эл аралык байкоочулар кырдаалга субьективдүү көз караштан баа берип жатышат. Көчөлөрдө илинип турган көрнөк-жарнамаларга караңыз, алардан ар түрдүү партиялардын ураан-чакырыктарын көрүүгө болот. Ушунун өзү эле калыстыктын далили да, - дейт Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Ренат Толкунбеков.


Ошол эле маалда оппозициячыл "Демократиялык тандоо" партиясы менен коммунисттерди бириктирген саясий блоктун өкүлдөрү алардын үгүттөө иштери катуу чектелгендигин кайталап келатышат.

"Алматынын көчөлөрүн түрө кыдырып чыксаңыз, биздин бир да плакатыбызды таппайсыз. Илип койгондорду кимдир-бирөөлөр жулуп кетип жатат", - дейт аталган оппозициячыл блоктун Саясий кеңешинин теңтөрагасы Серикболсын Абдилдин.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлчүлүгү өткөргөн маалымат жыйынында оппозициячыл талапкерлер – телекомпанияларга акча төлөп, алдын-ала макулдашып койгондо да алардын роликтери көрсөтүлбөй жатканына арызданышты. "Казакстандын демократиялык тандоо" партиясынын өкүлү Гүлжан Эргалиеванын ушул жагдайда "Хабар" маалымат агенттигине жолдогон суроосу жоопсуз калды.


Оппозициячылардын көрүнүктүү лидерлери - "Ак жол" партиясынын теңтөрагасы Болот Абилов "жалган маалымат тараткан" деген кине боюнча шайлоодон четтетилген, "Демократиялык тандоо" кыймылын түптөгөндөрдүн бири Галымжан Жакиянов абакка алынган.


Карапайым шайлоочулар болсо, биздин пикирибиз эч кимди кызыктырбайт, баары бир бийликтегилер каалагандай болот, деп жаңыдан киргизилген электрондук добуш берүү системасына ишене беришпейт. "Франс пресс" агенттигинин кабарчысына "Асар" партиясынын атынан келген артисттердин оюнун көрүп жатып, Кызыл-Төбөлүк Ботокөз айткандай, Дарига Назарбаева парламентке шайланары айтпаса да түшүнүктүү, эми ал келерки казак президенти болгусу келеби? - деген суроону чечмелей берген оң. Азырынча ал өзү же анын атасы - президент Н.Назарбаев бул тууралуу ачык айтыша элек.

Айтмакчы, асарчылар өз ураан кагаздарында бийликтеги коррупцияга каршы күрөшүүнү убада кылышууда. Андан улам, Дарига Назарбаева өз атасына атаандашпы? - деген бүдөмүк суроо да пайда болууда.

Ал тапта Нью-Йоркто Казакстандын бийлик төбөлдөрүнө 78 млн. доллар пара берген деген кине боюнча сотко тартылган Жеймс Гиффендин ишин кароо кайрадан жандануу алдында. 2006-жылдагы президенттик шайлоого катышарын жар салган Н.Назарбаев мунай боюнча экс-кеңешчисинин сотунан оолактап, бул ишке эч тиешем жок деп кайталап келатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG