Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

ИРАК ЖЕТЕКЧИЛИГИ БАТЫШ ӨЛКӨЛӨРҮН ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮГӨ ЖАРДАМДАШУУГА ЧАКЫРДЫ


Ирактык козголоңчулар жапырыгын күчөтүүдө. Шейшемби күнү Багдаддагы полиция күчтөрүнүн баш кеңсесинин жанында болгон жардыруудан 50гө жакын адам өлдү. Ирактын өткөөл президенти Гази ал-Жавер НАТОну жана Евросоюзду өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүүгө көмөктөшүүгө чакырды. Ирактын ООНдогу атайын чабарманы Коопсуздук кеңешине кайрылып, январь айына мерчемделген шайлоо өнөктүгүн тынч өткөрүү үчүн Улуттар Уюмунун күчтөрүн Иракка жиберүүнү сурады. Буштун администрациясы Иракты реконструкциялоого чегерилген 18,5 миллиард доллардын 3,5 миллиардын өлкөдөгү коопсуздукту жакшыртуу жана экономиканы өнүктүрүүгө сарпталсын деп чечти.

Ирактагы кырдаал осолдоп бараткан шартта өлкөнүн БУУдагы атайын өкүлү Ашраф Кази январда болчу шайлоону өткөрүүгө Улуттар Уюму жетерлик жардам бере алаарынан күмөн санаарын билдирди.
Кази шейшемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп:

- Ирак коомчулугу ичиндеги терең ажарым саясый жол менен натыйжалуу жөндөлүш керек. Бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүдөн коопсуздук жагдайы оңолуп кетпеди. Бул азыр Ирак үчүн чоң мүшкүл болууда. Ирактагы калабалардын негизги курмандыгы ирактык жарандар болууда. Коркунуч маанайы коомдо терең отурат.

Ашраф Кази Улуттар Уюмун жамааттар аралык саясый диалог өткөрүүгө жардамдашууну сурап, бирок анын Ирактагы миссиясы опурталдуу кырдаалдан улам, америкалык аскерлер контролдогон аймактардан ары чыгышпаганын айтты. Азыр Иракта БУУнун 35 гана кызматкери бар.

Улуттар Уюму Иракта шайлоо өнөктүгүн даярдап, өткөрүү үчүн уюм жүздөгөн эксперттерди өлкөгө жөнөтүүсү зарыл, бирок аларды ким коргойт деп олку-солку абалда турган чак.

Өлкөдө абал татаал экенин Ашраф Кази да ырастады:

– Иракка барчу эл аралык кызматкерлердин коопсуздугу ар дайым көңүлдүн борборунда болушу абзел.

Ашраф Казинин артынан АКШнын элчиси Жон Дэнфорт, Ирактын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Фейсал Амин Истрабади Коопсуздук кеңеши былтыр жазда бекиткен резолюцияга ылайык тез арада Улуттар Уюмунун коргоо күчтөрүн түзүү маанилүү экенине токтолушту.

Истрабади тынымсыз чабуулдардан улам январда болчу шайлоо үзүгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертип, шайлоону даярдоо үчүн жөнөтүлгөн БУУнун
эксперттеринин саны өтө аз экенин айтып даттанды:

- Административдик тажрыйбасы бар кызматкерлердин саны азыркыдан да көп болушу зарыл. Бирок ал азыр мүмкүн болбой жатат. Жер-жерлердеги шайлоочуларды тактап - каттоо иштери эми башталды.

Иракта шайлоону өз маалында өткөрүү үчүн өлкөнүн инфраструктура менен экономикасын өнүктүрүү, коопсуздук иштерин күчөтүү зарыл деген Буштун администрациясы ал иштерге деп 3,5 миллиард доллар чегермек болду.

Бул акча Иракты реконструкциялоого АКШ Конгресси былтыр бөлгөн 18,5 миллиард доллардан алынат.
Ал каражатка Ирактын полиция күчтөрүнүн саны да көбөйтүлөт.

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Жон Дэнфорттун айтымында, январда Ирактагы шайлоону өткөрбөй коюу, террорго таянган күчтөргө жеңишти бергенге барабар. Ошон үчүн шайлоо мерчемделген маалда өтүшү зарыл:

– Ирак үчүн кам жеген ар бир адам шайлоо өткөрүлүш керек деп эсептейт жана шайлоо планга ылайык өтүш керек.

XS
SM
MD
LG