Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

ОППОЗИЦИЯНЫН ЭЛ АРАСЫНДАГЫ КАДЫР-БАРКЫ КАНДАЙ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Күз менен кошо Кыргызстандын саясый турмушунда жандануу башталды. Октябрь айында болуучу жергиликтүү кеңештерге жана шаардык кеңештерге шайлоону айрым талдоочулар келерки жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоо алдындагы чоң сынак катары эсептешүүдө. Анткен менен бул шайлоого оппозициялык маанайдагы партиялар солгун мамиледе болуп, бийлик таламын талашкан партиялар активдүүлүгүн арттырууда. Ушундан улам кээ бир эксперттер оппозиция алсырап, күч-кубаттан кайтты деген пикирди айтышууда.

Өлкөдө саясый окуялар күчөгөн учурда оппозиция менен бийликтин аракеттери жанданып, атаандашуу, тирешүү күчөөрү турган иш. Ал эми көпчүлүк эл эмне болсо да коомдо жаңылануу болуп, турмуш жакшырса экен деп самайт. Айрымдары азыркы бийликтен чечкиндүү кадамдарды күтсө, айрымдары оппозициядан үмүттөнүшөт.

Бирок учурда опозициянын арасында биримдик болбой, саясый активдүүлүгүн жоготту деген пикирлер да жок эмес. Оппозициянын айрым өкүлдөрү саясый тажрыйбасы түгүл, жетиштүү билимге ээ эместигин бийлик өкүлдөрү айтышса, бийлик элге жек көрүндү болгонун оппозиция тараптагылар белгилешет. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун ою мындай:

-Биздин оппозиция - бул деген ары барып Чүйдө жок, бери келип үйдө жок оппозиция. Же билим жок же саясый тажрыйба жок. Ушу кекенип, ызырынып сөгүнгөндөн башка эчтеке жок. Айрыкча мына жаңы чыккан оппозицияны айтып атам. Бери жактагы түркөй, билимсиз, сабатсыз оппозицияны айтып атам. Чынын айтайын - бул биздин чоң бир трагедия .

Оппозициянын өз ара ынтымагы болбой келгенин, ар бири өз кызыкчылыгын жогору коюп, келечек тууралуу кенен ой-пикири жоктугун Москвада жашаган саясатчы Кубанычбек Апас да бышыктайт:

-Эң начар. Ынтымагы жок. Лидерлери өзүнчө майда-майда топторду, партияларды түзүп, кыргыз элинин атынан капкаяктагы саясатты, өзү билбеген саясатты жүргүзүп жатат. Бул жерде өтө олуттуу бир саясат жок. Бул оппозиция Акаев кандай ойду айтат, ошого оюн оппозиция. Ушул оюнду 15 жылдан бери кайталап, өнөр кылып алды .

Бирок оппозициянын өкүлдөрү мындай ой менен макул эмес. Алар тескерисинче бийликке негизги оппозиция эл экенин, бийликти элдин көрөйүн деген көзү жоктугун айтышат. Бул тууралуу "Жаңы Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Досбол Нур уулу:

- Менин түшүнүгүмдө элге бийликтин өзү оппозиция болуп ушул жагынан уттуруп атат. Бүгүн эл бийликти көрөйүн деген көзү жок. Элдин маанайы таптакыр башка. Ал эми бийлик бүгүнкү күнү элди камчы менен, ур токмок менен башкарып калган .

Бүгүнкү оппозициянын абалы жана аракети азырынча ушундай. Ал эми алдыда болуучу шайлоолордо канчалык деңгээлде оппозиция ийгиликке жетишип, системанын өзгөрүшүнө таасир эте алабы деген суроо коомчулукта ар кандай көз-караштарды жаратууда.

XS
SM
MD
LG