Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

ИРАКТЫН ПРЕЗИДЕНТИ НАТОдон ЧУКУЛ ЖАРДАМ КҮТӨТ


Ирактын убактылуу президенти Гази ал-Явад ушул шейшембиде Брюсселде болуп, НАТО өлкөлөрүн Ирактагы азыркы жупуну машыктыруу миссиясын кеңейтүүгө чакырды. НАТОнун жетекчиси бул чакырыкты түшүнүү менен кабыл алды, бирок жакын арада чоң жылыш болоору күтүлбөйт.

НАТО өлкөлөрүнүн элчилеринин шейшемби күнкү жыйынында Ирактын президенти Иракта абалды тынчытуу мүмкүнчүлүгү улам төмөндөп бараткандыгын баса белгиледи.

Учурда НАТОнун 40 чакты өкүлү Багдадда ирактык тандалма аскерлерди машыктырып жатат. Ирактын убактылуу өкмөтү июнь айында эле бул жардамды кеңейтүүгө чакырган.

НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер НАТОнун Иракка кеңири масштабда жардам көрсөтүүсүн колдойт. Шейшемби күнү ал-Явар менен жолуккандан кийин, ал мындай деди:

- Ал-Явардын эки сөзү менин көңүлүмдө калды, биринчиден ал "Ирактын эли силерди күтүп жатат" деди. Менимче, бул эң туура айтылган сөз. Ушул сөздөн улам деле НАТО Ирактын коопсуздук институттарын машыктыруу чечимин тездик менен ишке ашырууну улантышы керек. НАТОнун элчилери менин төрагалыгым астында дал ушул иш менен алектенип жатышат.

НАТО өлкөлөрүнүн Иракта чогуусу менен жардам көрсөтүүсүнө Франция сыяктуу өлкөлөр каршы болуп келатышканы маалым. Де Хооп Схеффер ошондой эле Ирак президентинин "шашылыш" деген сөзүнө басым жасап, Ирактын эли өз өлкөсү үчүн жоопкерчиликти создуктурбай өз колуна алышы керек экендигин белгиледи.

Келечекке үмүттүү караарын көрсөтүш үчүн НАТОнун баш катчысы уюмдун мындан аркы жардамы боюнча отчёт даярдап жаткандыгын билдирди.

Ал-Явар шейшембиде Ирактын убактылуу өкмөтүнө террористтердин келтирип жаткан коркунучуна олуттуу мамиле кылыш керек деди:

- Иракта фракциялар арасында согуш жүрүп жаткан жок. Согуштун бир тарабында Ирак коомчулугу менен Ирактын өкмөтү, каршы тарапта саясий жараяндын таш-талканын чыгарып, Иракты башаламандыкка түртүп жаткандар турат.

Ал-Явар январ айында өтө турган шайлоолорго байланыштуу НАТОнун жардамы айрыкча зарыл экендигин белгиледи. Ал борбордук өкмөткө баш ийбеген шаарларда шайлоо өткөрүлбөйт деген ырастоолорду четке какты. "Бул – жалпы улуттук шайлоо, аны бир жерде өткөрүп, башка жактарда өткөрбөй коюу мүмкүн эмес" деди Ирактын убактылуу президенти.

Шейшембиде ал Европа Союзунун тышкы иштер комиссары Хавиер Солана менен да жолукту. Солана НАТО Иракка каржылык жардам көрсөтүп, полицияны жана чегара кызматкерлерин машыктыруу үчүн, мыйзамдык миссия жүргүзүү ниетин бышыктады. Бирок европалык дипломаттар Ирактагы коопсуздук кырдаалынын начарлашы мындай аракеттерге тоскоол болуп жаткандыгын белдилешүүдө.

XS
SM
MD
LG