Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Өкмөттүн түзүмүндө дагы бир мекеме пайда болду


БИШКЕК. Кыргызстандын маданият жана мамлекеттик тил боюнча мамлекеттик комиссиясы экиге бөлүнүп, маданиятты өнүктүрүү комиссиясы жана мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия болуп кайра түзүлдү. Ага негиз берген жардыкка президент 8-сентябрда кол койгондугун бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул жылдын февраль айында түзүлгөн комиссияны экиге бөлүү мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жалпы улуттук саясат жүргүзүп, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишин тескөө зарылдыгынан улам пайда болду. Жардыкка ылайык мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын курамы түзүлүп, аны көзөмөлдөө иши мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго жүктөлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG