Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:29

Коалиция чегарачыларга нааразы


БИШКЕК. Бүгүн бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы Кыргызстандын чегара кызматынын башчыларына Чыгыш Европалык демократиялык борбордун жетекчиси Павей Казанецкийдин Кыргызстанга киргизилбей койгону үчүн нааразылык кат жолдоду. Баш кеңсеси Польшада жайгашкан борбордун жетекчиси Павей Казанецкий Кыргызстанга бүгүн эртең менен учуп келген. Чегара кызматынын «Манас» аэропортундагы өкүлдөрү Казанецкийдин паспортуна «Беларуска киргизилбейт» деп мурда коюлган белги үчүн Кыргызстанга киргизбей коюшкан. Павей Казанецкийдин паспортуна андай белги өткөн жылы Беларустун президенти Александр Лукашенкону сындагандыгы үчүн коюлуп, өлкөдөн чыгарылган.

Коалиция кайрылуусунда Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары өлкөнүн аймагына кимди киргизип, кимди чыгарарды өзү чечүүгө жарамдуу экендигин жана авторитардык бийлик өкүм сүргөн мамлекеттердин көрсөтмөсүнө жетеленбөө керектигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG