Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:42

Шапиронун китебин басмадан чыгарбоо тууралуу токтом кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын Билим берүү жана маданият, Сот жана укук, Саламаттыкты сактоо, үй-бүлөө жана жаштар маселери боюнча комиттеринин кошмо жыйыны өткөрүлдү. Анда Борис Шапиронун авторлугу астында жарык көргөн «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу окуу китебинин жаштарга тийгизе турган таасири талкууга алынды. Отурумга депутаттардан сырткары коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана бийликтин өкүлдөрү катышты. Жыйында Борис Шапиронун мындай китеби жаштарды тарбиялоодо тескери таасирин тийгизээри айтылып, аны басмадан чыгарбоо жана буга чейин басылып таратылган китептерди кайра жыйноо тууралуу чечим кабыл алынды.

Шапиронун китебинде 7—11-класстардын окуучуларына, жыныстык байланыштын ар кандай жолдорун окутуу түшүндүрүлгөн. Китеп ЮСАИД агенттигинин колдоосу менен 85 миң нускада жарык көргөн.

(Сүрөттө - бүгүн өлкөнүн Билим берүү министрлигинин алдында өткөрүлгөн нааразылык пикетинен бир көрүнүш).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG