Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Астанада министрлер жыйналды


БИШКЕК. Бүгүн КМШдагы мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Астанада өткөн жыйынында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун реформалоо тууралуу кайрылуу жактырылды. Ага 8 мамлекеттин өкүлдөрү кол койду. Кайрылууда мындан 30 жыл илгери Хельсинки келишиминин негизинде түзүлгөн уюм жалпы европалык коопсуздукту сактоо принцибинде иштеп келгендиги белгиленди. Ошону менен бирге уюмдун ишин жандандыруу боюнча 14 сунуш айтылды. Анда ЕККУнун эл аралык терроризм жана анын башкы себептерин жок кылуу багытындагы аракетин күчөтүү, чөлкөмдүк жаңжалдарды жөнгө салууну улантуу, соода жана экономика жаатында уюмга мүчө мамлекеттердин бардыгы менен бирдей деңгээлде кызматташуу керектиги сунушталды. Андан тышкары ЕККУ, анын демократия жана адам укуктары боюнча бюросунун уюмга кирген мамлекеттердин бардыгында шайлоо системасын калыс баалоосу боюнча бирдиктүү ченемди иштеп чыгып, ишке киргизүүнү, шайлоо мыйзамдарын салыштырып анализдөөнү жана миссия башчыларын дайындоого өзгөчө көңүл буруп, бюджетин ачык кылууну белгилешти.

XS
SM
MD
LG