Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

ШАЙЛОО: БАШ БАРМАК БААРЫН ЧЕЧЕБИ?


Азиза Турдуева, Бишкек Парламенттик жана президенттик шайлоолор маалында добуш берүүчүнүн баш бармагына белги койууну караган мыйзамдын парламентте кабыл алынышы коомчулукта карама-каршы пикирлерди жаратууда. Айрым саясатчылар, атуулдук коомдун өкүлдөрү кодекске мындай өзгөртүүнүн киргизилиши шайлоолорду ачык жана акыйкат өткөрүүгө өбөлгө болоорун айтып жатышса, кээбирлери тескерисинче, анын зарылдыгы жок деген пикирде. Буга байланыштуу айрым бейөкмөт жана коомдук уюмдар өлкө башчысына кайрылуу жолдошууда.

13-сентябрда Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары көпчүлүк добуш менен кабыл алган мыйзамга ылайык парламенттик жана президенттик шайлоо учурунда добуш берүүчүнүн баш бармагынын тырмагына белги коюлат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Өмүрбек Текебаев мындай технологияны пайдалануу өлкөдө шайлоолорду адилет жана калыс өткөрүү үчүн зарыл деген пикирде:

-Бул мыйзам буга чейинки шайлоолордо мыйзам бузуулардын катталганы, анын жыйынтыктары бурмаланып келгени үчүн кабыл алынды. Мыйзамга ылайык шайлоочулардын баш бармагынын тырмагына суюктук чачылат. Бул суюктук түзсүз, жыты жок, зыяны жок. Эгерде шайлоочу бир шайлоо участкасында добуш берип, экинчисине да добуш берүүгө барса билинип калат. Анткени бармагындагы белги атайын приборлор менен текшерилгенде көрүнүп калат. Мындай ыкманы киргизүү менен биз шайлоону бурмалоо, бир атуулдун бир нече ирет добуш берүү аркылуу мыйзам бузууларына бөгөт койо алабыз деп эсептейм. Президенттин администрациясы буга каршы болуп жатат. Анткени, келе жаткан президентик шайлоодо бурмалоолорсуз женишке жетишүү кыйын болот .

Айрым коомдук уюмдар баш бармакка белги койуу адамдардын арнамысына шек келтирет деген ойлорун айтышууда. Мисалы, Кыргызстандагы айыл өкмөттөр ассоциациясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаев мындай дейт:

- Негизи мындай ыкма өнүкпөгөн, тамга тааныбаган атуулдар жашаган өлкөлөрдө пайдаланылат деп эсептейм. Бул шайлоочуларга ишенбөөнү билдирет. Эмне үчүн аларга ишенбешибиз керек? Ар бир шайлоочу өз эрки менен шайлоого келип, каалаган талапкерге добушун бериши керек да. Анын үстүнө, буга көп каражат да талап кылынат экен.

Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясыныны төрайымы Токтайым Уметалиева да ушундай ойдо:

- Эми биз эмне Африкадан келиптирбизби - мөөр койгудай? Мындай ыкманын киргизилишинин эч кандай зарылдыгы жок. Ал эми бул иштерге кетчү акча каражаттарын андан көрө кыйналып жаткан үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге таратып берүү керек .

Мыйзам чыгаруу жыйынынын адам укугу боюнча комитетинин төрайымы Оксана Малеваная шайлоодо баш бармакка белги койуу ыкмасынын пайдаланылышы атуулдардын ар-намысын кордоого жатпайт деп эсептейт:

- Бул адамдын беделин эч канчалык түшүрбөйт. Тескерисинче, шайлоолордун акыйкат, ачык өтүшүнө өбөлгө болот. Мен Президент бул мыйзамга кол койот деп терең ишенем!

Оксана Малеваная шайлоодо мындай ыкманы пайдаланууга кеткен чыгымды үнөмдөөгө караганда парламентке татыктуу депутаттарды шайлоо алда канча өлкө үчүн кымбат тураарын да белгиледи.

Айрым бейөкмөт уюмдар болсо шайлоодо атуулдардын баш бармагына белги койуу ыкмасын киргизүү үчүн талап кылынган каражат эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнүшү мүмкүн жана эл жалпысынан мындай ыкманын киргизилишин колдойт деген пикирлерин айтышууда. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов:

- Баш бармакка белги койуу ыкмасы зарыл. Анткени бул - шайлоочулардын конституциялык ыйык укугун – бийлик өкүлдөрүн шайлоо укугун коргоонун механизмдеринин бири. Ал эми бул иштерге техникалык жардамды Батыш өлкөлөрүнүн каржы уюмдары көрсөтөт. Биз бул мыйзамды президент колдойт деп ишенебиз. Биздин уюм жер-жерлерде бул мыйзам боюнча тушүндүрмө иштерин жүргүзөт. Жалпысынан эл бул мыйзамды колдойт деген ойдобуз .

Кечээ коалиция президент Аскар Акаевге Мыйзам чыгаруу жыйынында кабыл алынган «Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү» жөнүндөгү мыйзамды колдоого чакырган кайрылуусун жолдоду. Ал эми Кыргызстандагы айыл өкмөттөр ассоциациясы менен Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы болсо президентке аталган мыйзамга вето койуу өтүнүчү менен кайрылышууда.

Аскар Акаев бул мыйзамга кол койобу же жокпу – азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG