Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Испаниянын полициясы 10 чакты шектүү кишини камакка алды


МАДРИД. Испаниянын полициясы террористтер менен байланышы бар деп шектелген 10 чакты кишини камакка алды. Полициянын айтымында, ислам экстремисттерине каршы багытталган рейд бүгүн башталган жана мындан ары да улантылат. Шек туудуруп жаткан адамдардын көбү пакистандыктар экени маалымдалат. Рейддердин марттын он биринде болгон жардыруулар менен байланышы бар экени анык эмес. Анда поезддин жардырылышынан 191 киши мерт болгон. Бул террордук кол салууга байланыштуу 55 киши камакка алынган, алардын 25 кайра койо берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG