Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:27

Августа айындагы авиакатастрофаларга теракт себеп болгон


МОСКВА. Август айындагы авиакатастрофалардын себептерин иликтеп жаткан комиссия учактар алардын ичинде болгон жардыруулардан кулап түшкөнүн ырастады. Комиссиянын төрагасы Россиянын унаа министри Игорь Левитин кырсыкка террордук кол салуу себеп болгонун бышыктады.

24-августта бир нече мүнөттүн аралыгында кыйрап калган эки учактын баардык жүргүнчүлөрү курман болгон. Россиянын бийликтери менен маалымат каражаттары жардырууларды чечен жанкечти аялдар ишке ашырды, деп айыпташкан. Эки учактын кыйрашы акыркы бир нече жуманын ичинде Россияда 430 кишинин өмүрүн алып кеткен теракттардын алгачкысы болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG