Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:48

Россия өзүнө айтылган сынды четке какты


АСТАНА. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Россиядагы реформалар жаатында айткан сын-пикирин четке какты. Кечээ АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэл президент Владимир Путиндин борбордук бийликти күчтөндүрүү пландары демократиялык процессти чабалдатат, деп айткан. Лавров бүгүн сунуш этилип жаткан реформалар Россиянын ички иши деп айтып, АКШнын 11-сентябрдагы террордук кол салуудан кийинки чаралары да коомчулукта учурунда кайчы пикирлерди жаратканын кошумчалады. Пауэлдин сын-пикирин бүгүн Еврошаркеттин тышкы байланыштар боюнча комиссары Крис Патен да колдоп чыккан. Терроризмге каршы күрөш адам укуктарын бузууга шылтоо боло албайт,- деген комиссар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG