Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

НАТО жетекчисинин Кавказ жана Борбор Азия боюнча өкүлү пайда болду


НАТО уюмунун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер кечээ күнү Роберт Симмонс аттуу адамды Борбор Азия менен Кавказ боюнча өзүнүн атайын өкүлү кылып дайындады. Симмонс мурда Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчылыгында иштеген жана эми Борбор Азия жана Кавказ жетекчилери менен НАТО ортосундагы мамилелер үчүн жооптуу болот. Симмонстун айтымында, региондогу айырмачылыктар жана окшоштуктар ал үчүн белгилүү: "Эки аймак жана андагы өлкөлөрдөгү абал бир-биринен айырмаланганын биз жакшы түшүнөбүз. Биздин Ооганстан менен байланышкан маселелерибизге Борбор Азиянын түздөн-түз тийешеси бар". Схеффер менен Симмонс регионго быйыл октябрда атайын сапар менен келет.

XS
SM
MD
LG