Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:02

Пакистан президенти өлкөнүн жогорку аскерий жетекчиси болуп да калат


Пакистандын маалымат министри Рашид Ахмед кечээ күнү жасаган жарыяга караганда, өлкө президенти Первез Мушарраф Пакистандын жогорку аскерий жетекчиси бойдон дагы калат. Мурда Мушарраф аскерий кызматтан кете турганын убадалаган. Оппозициянын айтымында, Мушаррафтын эки кызматта отурганы өлкө конституциясына каршы келет. Министр Ахмеддин билдиргенине караганда, өлкөдөгү азыркы абал президенттин аскерий жетекчи болушун дагы талап кылат. Генерал Мушарраф бийликке 1999-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG