Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:15

16-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйыны Шайлоо кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап, бирок аны кабыл алган жок. Натыйжада талапкерлер катталуу алдында өзүнүн жана жакындарынын мүлкү тууралуу декларация толтуруу милдетинен кутулушту.

Депутаттардын дээрлик баары 14-сентябрда бул маселе боюнча сөз сүйлөгөндө декларация толтуруу керектигин белгилешкен. Долбоордун демилгечилеринин бири Турдакун Усубалиев бүгүнкү сөзүндө мыйзамдын коррупцияга каршы багытталганын белгилеп, аны кабыл алууга коллегаларын чакырды.

Бирок добуш берүүгө келгенде мыйзам долбоору жетиштүү добуш ала алган жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев бул тууралуу мындай оюн билдирди:

- Депутаттар азыр өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Бул жерде жалпы кызыкчылыкты көргөнүм жок. Декларация же өздөрүнүн мүлкү, кирешеси жөнүндө маалымат бербесе - анын өмүр-баянын кантип билебиз? Анын адамдык, ишмердик сапатын шайлоочулар кантип билип, кантип тандап алат.

Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев мындай оюн билдирди:

- Негизинен депутаттар бул маселени колдошкон. Бирок алар өздөрүнүн сунуштарын киргизишкен. Ошолор эске алынбагандыктан мыйзам долбоору өтпөй калды деп ойлоймун. Маселен мен ошол декларацияда менчиктеги эле эмес, узак мөөнөткө ижарага алынган жерлер да талапкер тарабынан көрсөтүлүш керек деп сунуштадым. Анткени кээ бир айылдарда 400 гектарга чейинки жерлерди 49 жылга алгандар бар. Президенттикке талапкерлерге ошондой өтө катуу талап коюш керек деген сунушту айттым эле. Тилекке каршы мыйзам өтпөй калды.

Мыйзам долбоору өтпөй калгандан кийин палата Шайлоо кодексине дагы бир кошумча жана өзгөртүү киргизүү тууралуу депутат Асель Мамбеталиеванын мыйзам долбоорун карай баштады. Анда аткаруу бийлигиндеги кызматкерлердин шайлоо алдында өз ыйгарым-укуктарын пайдаланып, ар кандай кайрымдуулук иш-чараларды өткөрүүсүнө чек коюу каралган. Долбоор тууралуу депутат Кубатбек Байболов мындай пикирин билдирди:

- Маселе кайрымдуулук боюнча болуп жатат. Соопчулук үчүн акчаны мамлекеттик кызматкерлер кайдан таап жатат? Эгерде жеке акчасын сарптап жатса - анда бир жөн. Бирок алар көбүнесе бюджеттик каражатты сарптап жатат. Демек долбоордун максаты туура. Бирок биз муну бюджет аркылуу көзөмөлдөшүбүз керек.

Бул күнү долбоорду талкуу аягына чыккан жок. Маселени кароо жума күнү улантылат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG