Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

Бүгүн Казакстандын ордо шаарында КМШ өлкөлөрүнүн саммити өз ишин аяктады. Ага катышкан мамлекет башчылары Беслан каргашасын баштан кечирген Орусия менен өз тилектештигин билдирди. Орус президенти Владимир Путин украин президенти Леонид Кучманын ордуна КМШнын төрагасы болуп шайланды. Грузин президенти Михаил Саакашвилинин сөзүнөн айгинеленгендей, бул ынтымактагы орток пикир табылбаган маселелер дагы эле чечилбеген бойдон кала берүүдө.

Астанадагы саммитте конок ээси болгон казак президенти Нурсултан Назарбаев террорчулукка каршы бирдиктүү күрөштү уюштуруунун конкреттүү чараларынын бири – бардык мүчө өлкөлөрдүн башын коштурган атайын органды түзүү экенин айтты:

- Атайын Коопсуздук кеңешин түзүү сунуш кылынат, анын курамына тышкы иштер министрлери, коргоо министрлери, чек ара кызматтарынын жана тартип сактоо мекемелеринин жетекчилери кирүүгө тийиш.

Президент Нурсултан Назарбаев жарыялаган бул сунушту жүзөгө ашыруу жагдайлары мындан ары да такталмакчы.

Ал эми орус президенти Владимир Путин Грузиядан бөлүнүп кетүүгө умтулуп жаткан Абхазиядагы кырдаалга кайрылып, террорчулукка каршы күрөштө тынчтык жолу ылайык экендигин эскертти.

- Биздин терең ишенимибиз төмөнкүдөй: жалпы эле жаңжалдуу кырдаалдарды чечүүдө, асыресе мурдагы пост-советтик мейкиндиктеги ушундай көйгөйлөрдү чечүүдө сүйлөшүү жүргүзүү жана жаңжалдагы бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу алгылыктуу.

Президент Путин экономикалык жана аскердик кысымга алуу ыкмалары натыйжа бербейт деген ойду да баса белгиледи. Албетте, укук коргоочулар белгилегендей, анын бул пикирин расмий Кремль Чеченстан маселесин чечүү үчүн алгылыктуу деп эсептээри күмөндүү.

Грузин президенти Михаил Саакашвили болсо расмий Кремлди анын Абхазия жаатындагы соңку саясаты үчүн сынга алды:

- Бизди таң калтырбай койбой турган бир факт бар: ушул тапта Орусиянын мамлекеттик мекемесинин жетекчиси – темир жол министри Геннадий Фадеев Сухумиде жүрөт. Орусиянын дал ушул мекемеси жикчилер менен түздөн-түз карым-катнашта болуп жатат деген факт да улам кайталанып маалымдалууда. Биздин турумубуз мына мындай – мындай иш-аракеттерге КМШ тарабынан тыйуу салынган чечим болууга тийиш эле.

Саммитте коопсуздук чаралары жана эл аралык террорчулукка каршы иштиктүү күрөш маселелери башкы суроо болуп турду. Бул тууралуу КМШнын төрагасы катары акыркы ирет иштеп жаткан украин президенти Леонид Кучма баса белгилеп, түндүк осетиялык Беслан шаарындагы алааматтуу күндөрдү эске салды:

- Азыр гана КМШ мамлекет башчыларынын Кеңеши өзүнүн жабык эшик артындагы отурумун аяктады. Көңүл чордонун алган маселелер Орусияда жакында эле жүзөгө ашырылган, көп сандаган курмандыкка, оор кайгыга жана мүшкүлгө дуушарланткан террордук иш-аракеттер менен байланыштуу болду.

Президент Кучма Бесландагы барымтачыларды кулак угуп, көз көрбөгөндөй ырайымсыз террордук чара уюштургандар катары жектөө керек деп айтты.

Ал эми болочокто эл аралык террорго каршы күрөштү кандай нукта жүргүзүү керек? Кыргыз президенти Аскар Акаев орус мамлекет башчысынын террорчуларга озунуп сокку уруу тууралуу учурда талаш-тартыш туудуруп жаткан оюн кубаттаарын билдирди:

- Террорчулар, деги алар Ооганстандан болобу, же башка аймактан болобу, биздин жерибизге кирип келишине жол бербөө керек. Айрым жоокерлерибизден, офицерлерибизден, карапайым кишилердин айрым өкүлдөрүнөн айрылуу менен аларга каршы өз жерибизде күрөшүүгө аргасыз болгондой кылып террорчуларды күтүп отурууга болбойт.

Түркмөн президенти Сапармурат Ниязов менен Молдова президенти Владимир Воронин Астанадагы бул саммитке катышкан жок. Жогорудагы грузин президентинин күйүп-бышканынан эле айгинеленгендей, КМШ аймагында кагаз бетинде гана калчу куру убадалар менен алектенүү улантыла берчүдөй. Кавказды эле алсак, француз саясат таануучусу Арно Дюбьен сыяктуу адистердин айтымында (“Независимая газета”; 15.09.04), иш жүзүндө Орусия Түштүк Осетия жана Абхазия сыяктуу аймактарга өз таасирин күчөтүп, Грузиянын демилгелерине оңой-олтоң моюн бере койбой тургандай.

Мунай зат, газ, суу жана башка толгон-токой маселелер КМШнын Борбордук Азия сыяктуу башка аймактарында деле талаш-тартыш жараткан көйгөй бойдон кала берчүдөй, - дешет серепчилер.
XS
SM
MD
LG