Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Укук коргоочунун чегарадан эмне үчүн өтпөй калганы бүдөмүк


БИШКЕК. Кыргызстандын ырасмий бийлиги Чыгыш Европалык демократиялык борбордун жетекчиси Павей Казанецкийдин өлкөгө эмне себептен киргизбей койгондугу боюнча так түшүндүрмө бере элек. Мындай маалымат бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдон алынды. Анын айтымында, эл аралык уюмдар бул окуя боюнча кыргыз бийлигине билдирүү жөнөтүшү толук мүмкүн. Ал эми Чегара кызматынын басма сөз кызматы укук коргоочу Павей Казанецкийди КМШ мамлекеттеринин ортосунда кабыл алынган оперативдүү маалыматтарды алмашуу жөнүндөгү макулдашуунун негизинде киргизбегендигин жана өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдардын арасында Казанецкийдин аты-жөнү да бар экендигин билдирди. Павей Казанецкий Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин иликтөө үчүн келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG