Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Эсептөө палатасы мурдагы кызматкеринин дооматына макул эмес


БИШКЕК. Кыргызстандын Эсептөө палатасынын Ош жана Жалалабад облустары боюнча инспекциясынын эмгек жамааты бүгүн «Азаттык» радиосуна кат жолдоп, анда инспекциянын мурдагы кызматкери Бердибек Апышовдун ачкачылык жарыялоосуна негиз жок экендигин билдирди. Катта 2002-жылдын 23-сентябрында иштен бошотулган Бердибек Апышов Эсептөө палатасынын дарегине негизсиз сындарды айтып жаткандыгы айтылат. Ага мисал катары 2001–2002–жылдарда Апышов текшерген мекемелердин ичинен 7 мекеменин мыйзам бузуу аракеттери аныкталбагандыктан кылмыш иши козголбогондугу жазылган.

Ал эми Бердибек Апышов өзү текшерген мекемелердеги мыйзам бузуулар боюнча тартип коргоо органдарына жиберген материалдары эске алынбай, мыйзам бузууларга көз жумдулук кылган жетекчилигин сындагандыгы үчүн кызматтан кеткендигин билдирип, сотторго кайрылган. Анын арызын караган соттордун чечимине нааразы болуп, адилеттикти талап кылып 15-сентябрда Жогорку соттун имаратынын алдына өзүн колдогон тилектештери менен бирге пикетке чыгып, ачкачылык жарыялаган.

XS
SM
MD
LG